Рекорд! Жол эрежесин бузган айдоочуларга бир жумада 12,5 млн. сом айып салынды

Айып салынган айдоочулардын басымдуу бөлүгү коопсуздук курун тагынган эмес. Ошондой эле ичип алып машина айдагандар да болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Милиция кызматкерлери Кыргызстан боюнча бир жумада 22 миң 836 айдоочуга 12 миллион 445 миң 200 сом айып салды. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди

Ага ылайык, милиция кызматкерлери өлкө аймагындагы жолдорго 1-июндан 7-июнга чейин көзөмөл кылышкан.

Негизинен бузулган жол эрежелери:

— 726 айдоочу светофордун тыюу салган жарыгынан өтүп кеткен;

— 5577 айдоочу коопсуздук курун тагынган эмес;

— 107 айдоочу мас абалында автоунаа айдаган;

— 4329 айдоочу жол белгилерине көңүл бурган эмес;

— 81 айдоочу машинасынын маңдайкы жана капталдагы терезелерин караңгылатып алган. Алардын бардыгы сыйрылды;

— 2941 айдоочу катуу ылдамдыкта айдаган.

Андан сырткары, 1-июндан 7-июнга чейин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башка башкармалыгы 776 машинаны айып короого алып барып токтоткон.

Ал эми буга чейин 25-майдан 31-майга чейин жол эрежесин бузган айдоочуларга 11 миллион 444 миң 141 сом айып салынган.