Кыргызстанга Казакстандан менингит оодубу? Министрликтин жообу

Казакстанда аталган дарттан 12 киши көз жумду.
Sputnik

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Whatsapp тайпаларды Кыргызстанда менингит оорусунун күч алышы тууралуу билдирүүлөр тарап жатат.

"Менингит күч алыптыр. Өзгөчө кичинекей балдарга тез жугуп, бат эле чарчап калып жатышканы айтылууда. Балдарды сууга түшүрбөңүздөр, суукка алып чыкпаңыздар, бал муздак жедирбей, колун дайым жууп турсун, бассейнге түшпөсүн. Кичине эле грипп болсо тез эле менингитке айланып кетип жатыптыр", — деп айтылат билдирүүдө.

Көз көрбөй, кулак укпай, акылдан тайып каласың... Дарыгер менингит тууралуу
Казакстанда бул кооптуу оору 12 кишинин өмүрүн алды. Саламаттык сактоо министрлигинин жугуштуу оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторованын айтымында, Кыргызстанда быйыл бул дарттан жапа чеккендердин саны тескерисинче кыскарды.

"Жыл башынан бери 10 бейтап гана катталды. Бул былтыркыга салыштырмалуу дээрлик үч эсеге аз. Менингит 15-20 жылда бир күч ала турган оору. Айтаарым, элди дүрбөлөңгө салган кишилер менен УКМК иштеши керек", — деди ал.

Дарыгердин айтымында, менингитке кабылган адамдын башы катуу ооруп, жүрөгү айланып, дене табы жогорулайт.