"Манас" аэропортунан Бишкекти аралап жүрчү автобус каттай баштады

Жол акысы бир кишиге — 120 сом.
Sputnik

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. "Манас" Эл аралык аэропорту жергиликтүү транспорттук компаниялардын бири менен биргеликте Бишкек шаарына чакан автобустарды каттата баштады. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, бусиктер жарым саат сайын эки багытта каттайт. Биринчиси — Түштүк экспресс, "Манас" аэропортунан 12-кичирайонго чейин. Экинчиси — Чыгыш экспресс, "Манас" аэропортунан "Көк-Жар" жаңы конушуна чейин.

1 / 3
"Манас" Эл аралык аэропорту жергиликтүү транспорттук компаниялардын бири менен биргеликте Бишкек шаарына чакан автобустарды каттата баштады.
2 / 3
Бусиктер жарым саат сайын эки багытта каттайт. Биринчиси — Түштүк экспресс, "Манас" аэропортунан 12-кичирайонго чейин.
3 / 3
Экинчиси — Чыгыш экспресс, "Манас" аэропортунан "Көк-Жар" жаңы конушуна чейин.

"Бул кадамдын негизги максаты — Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүү. Өлкө жетекчилиги туризмди алдыга жылдыруу боюнча ар бир министрликке тапшырма койгон. Мунун алкагында чет элдик жана жергиликтүү жарандарга, туристтерге ыңгайлуу шарт түзүп берүү максатында "Манас" аба майданынан Бишкек шаарына каттай турган "Аэроэкспресс" ачылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Каттамды эл аралык стандратка жооп берген жабдуулар менен камсыздалган Mercedes-Benz Sprinter унаалары аткарат. Жол кире бир кишиге — 120 сом.

Ошондой эле жакын арада "Манас " аэропортунан Ысык-Көл облусунун Бостери айылына чейин автобус жүргүзүү пландалып жатканы айтылды.