Кыргызстандык ардагер пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпионатында күмүш тагынды

Биринчи орунду 582,5 килограммды көтөрүү менен япониялык спортчу алса, коло медалга 570 килограммды кармап Перу мамлекетинин өкүлү ээ болду.
Sputnik

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпионатына өлкө атынан жалгыз спортчу Алымбек Рахимов катышып, экинчи орунга ээ болгонун Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты. 

1 / 2
Пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпионатына өлкө атынан жалгыз спортчу Алымбек Рахимов катышып, экинчи орунга ээ болду
2 / 2
Ал чечүүчү кармашта 580 килограммды көтөргөн.

Ушул тапта Канаданын Калгари шаарында жаш курактын бардык түрү боюнча пауэрлифтингдин дүйнө чемпионаты өтүп жатат. Мелдеш 6-июнда башталган, 17синде аяктамакчы.

Орзубек Назаров рингдеги сырын ачты. Кайталангыс мастер-класстын видеосу
Анда Кыргызстандын атынан Алымбек Рахимов катышып, 74 килограмм салмак ченинде экинчи орунга ээ болду. Ал чечүүчү кармашта 580 килограммды көтөргөн. Биринчи орунду 582,5 килограммды көтөрүү менен япониялык спортчу алса, коло медалга 570 килограммды кармап Перу мамлекетинин өкүлү ээ болду.

Мындан тышкары, Рахимов штанганы чалкалап тартууда кичи алтын байге алууга да жетишкен. Негизи пауэрлифтинг спортунун үч түрү бар: отуруп туруу, чалкалап тартуу жана туруу тартуу.

52 жаштагы Алымбек Рахимов буга чейин пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпиону аталып, бир ирет күмүш медаль жана эки жолу коло байге алган.