БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Кыргызстандыктар бул жумада үч күн катары менен эс алмай болду. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жума, 15-июнь Орозо айт болгондуктан эс алуу күн деп жарыяланды.
Буга байланыштуу беш күндүк иш графиги менен иштеген кыргызстандыктар жума, ишемби, жекшемби күндөрү жумушка чыкпайт.