Соң-Көлдө браконьерлер Экотехинспекциянын кызматкерлерин опузалады

Көлгө коё берилген балыктар үч жыл ичинде чоңоюп, андан кийин гана икра чачат. Бирок бул мөөнөткө жеткирбей эле браконьерлердин кесепетинен балыктардын саны кескин азайып барат.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Соң-Көл көлүнө жасалма жол менен коё берилген 2,5 миллион чабак браконьерлер тарабынан аёсуз кырылып жатканын Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясы билдирди.

1 / 3
Соң-Көл көлүнө жасалма жол менен коё берилген 2,5 миллион чабак браконьерлер тарабынан аёсуз кырылып жатканын Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясы билдирди
2 / 3
Ага ылайык, адистер тарабынан Соң-Көл балык чарбасысына коё берилген балыктар үч жылдан кийин гана икра чачып баштайт
3 / 3
Текшерүүнүн жүрүшүндө беш кайык жана 4 миң метр тор аныкталган.

Ага ылайык, адистер тарабынан Соң-Көл балык чарбасысына коё берилген балыктар үч жылдан кийин гана икра чачып баштайт.

"Көлгө коё берилген балыктар үч жыл ичинде чоңоюп, андан кийин гана икра чачат. Бирок бул мөөнөткө жеткирбей эле браконьерлердин кесепетинен балыктардын саны кескин азайып барат. Андыктан Экотехинспекциянын Кочкор жана Жумгал райондору боюнча инспекторлору, Соң-Көл балык чарбасынын адистери жана укук коргоо кызматкерлери менен биргеликте рейд жүргүзүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Форель багам дегендерге жардам берет элем. Көлдүк ишкер менен маек
Текшерүүнүн жүрүшүндө беш кайык жана 4 миң метр тор аныкталган.

Рейд учурунда браконьерлер инспекторлорго кол салууга аракет кылып, кайыктарды кайтарып бергиле деп коркутушкан. Инспекторлор кайык жана торду укук коргоо органдарына өткөрүп берип, протокол толтурулган.

Мамэкотехинспекция жан-жаныбарларды жана балыктарды сактап калууда бир гана адистер эмес жапа тырмак колго алууну эскертет.