Бишкектин негизги көчөлөрүнүн бири ремонттон кийин ачылды. Сүрөт

Көчөгө жаңы асфальт төшөлүп, тротуарлар менен арыктар дагы иретке келтирилди.
Sputnik

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Бишкектеги Тыныстанов көчөсү оңдоодон кийин ачылганын мэриядан билдиришти.

1 / 2
Бишкектеги Тыныстанов көчөсү оңдоодон кийин ачылганын мэриядан билдиришти
2 / 2
Тыныстанов көчөсүнүн Чүй проспектиси менен Жумабек көчөсүнө чейинки бөлүгүнө жаңы асфальт төшөлүп, арыктар алмаштырылып, тротуарлар жаңыртылган.

Тыныстанов көчөсүнүн Чүй проспектиси менен Жумабек көчөсүнө чейинки бөлүгүнө жаңы асфальт төшөлүп, арыктар алмаштырылып, тротуарлар жаңыртылган. Оңдоо иштери болжол менен бир айдай жүргөн.

Ошентип Тыныстанов көчөсү толугу менен Түгөлбай-Ата көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин оңдолду.