Бишкек баатырдын эстелигин жасоого сынак жарыяланды

Эстелик Чүй менен Эркиндик проспектисинин кесилишине коюлат.
Sputnik

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасы Бишкек баатырдын эстелигин жасоо үчүн конкурс жарыялады. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Көз талдырат! Манастын эстелигинин панорамалык сүрөтү
Сынак 11-июндан 14-августка чейин уланып, арыздар кабыл алынгандан кийин эскиздер "Бишкекбашкыархитектуранын" имаратында 10 күн илинип турат. Калыстар 24-августка чейин эң мыкты долбоорду аныктайт.

Эстеликте байгер, жаратман, элди бириктирген көсөм кишинин образы берилиши керек.

Конкурска скульпторлор, архитекторлор жана сүрөтчүлөр катыша алат.

Биринчи орунга 150 миң сом, экинчи орунга 30 миң сом, үчүнчү орунга 20 миң сом байге каралган.