Апта ирмеми: Трамп менен Меркелдин сүрөтүнөн акырайган акыраларга чейин

Sputnik

Индиянын Шринагар шаарында Рамазан айында мусулман элинде таберик деп эсептелген Мухаммед пайгамбардын сакалынын талы көрсөтүлдү.

Жүзүнөн балалыктын сүйкүмү кетпеген бөбөктөр. Бишкектеги майрамдык иш-чара
Кыргызстанда өсүп келе жаткан муундун өнүгүүсү үчүн "Балдар кербени" аттуу долбоор ишин баштады.

РФ президенти Владимир Путин быйылкы жылдын эсеби менен 4 саат 20 мүнөткө созулган "Түз байланыш" өткөрдү.

Гватемалада Фуэго жанар тоосунда вулкандын атылуусу токтой элек. Табигый кырсык 109 кишинин өмүрүн алып, дагы 192 адам дайынсыз болууда.

Лондондо Елизавета II канышасынын туулган күнүнө карата болчу парадга даярдыктар өтүүдө.

1 / 20
ЮНИСЕФ Кыргызстанда баланын дене-бою менен акылынын өсүшүн шарттаган "Балдар кербени" долбоору иштей баштады. Ага 25 оюн кирген
2 / 20
Бишкек. Жылдыздуу асман
3 / 20
Индиянын Шринагар шаарында Рамазан айында мусулман элинде таберик деп эсептелген Мухаммед пайгамбардын сакалынын талы көрсөтүлдү
4 / 20
Испаниянын Кастрильо-де-Мурсия кыштагында "Эль колачо" деп аталган секирик фестивалынын катышуучулары
5 / 20
Калькуттадагы зоопарктын акыралары (Индия)
6 / 20
Байконур космодромунан 6-июнь күнү "Союз-ФГ" ракетасы "Союз МС-09" кемеси жана үч экипаж мүчөсү менен учуп чыкты
7 / 20
Индиянын Гувахати таштанды чогулган жерде экинчи ирет иштеп чыгаруу үчүн акыр-чикир жыйнап жүргөн аял
8 / 20
РФ президенти Владимир Путин жыл сайын өтчү "Түз байланыш" программасынан кийин ыктыярчылар менен сүрөткө түшүп жатат
9 / 20
Гватемаладагы Фуэго жанар тоосунун атылышынан жабыркаган жаныбарларды сактап калган куткаруучулар. Табигый кырсык 109 кишинин өмүрүн алып, дагы 192 адам дайынсыз болууда.
10 / 20
Геленджиктеги курорттук сезондун ачылышына арналган жүрүштүн катышуучулары. Россия
11 / 20
Германиянын түндүгүндө жайгашкан Бремерхавен зоопаркындагы суу канаттуусу
12 / 20
Нью-Йорктогу CFDA Fashion Awards сыйлыгын тапшыруу аземиндеги Ким Кардашьян
13 / 20
Тибет жаштары менен Индиянын Дармсал шаарында жолугуп жаткан Далай-лама
14 / 20
Владимир Путин менен Кытай төрагасы Си Цзиньпин Тяньцзинь шаарында улуттук тамак болгон гоубули түйүп көрүштү. РФ президенти дагы башка тамак-аштардан даамдап көрдү
15 / 20
Москвадагы "Музеон" искусство паркында сүрөткө түшүп жаткан кыздар
16 / 20
Сантьягодо сексизм жана гендердик зомбулукка каршы өткөн акциянын катышуучулары. Чили
17 / 20
Германия канцлери Ангела Меркель АКШ президенти Дональд Трампты жарга такаган көз караш менен тиктеп турат. Меркелдин жанында Европа лидерлери болсо, Трамптын оң жагында кеңешчиси Жон Болтонду көрүүгө болот. Алардын ортосунда Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ эки колун кайчылаштыра бооруна алып турат. Желдей тараган сүрөттү Германия өкмөтүнүн расмий сүрөтчүсү тартканы белгилүү болду.
18 / 20
Тынч океанга Килауэа жанар тоосунун лавасы агып кирип жатканын карап турган жүргүнчүлөр
19 / 20
Лондондо Елизавета II канышасынын туулган күнүнө карата болчу парадга даярдыктар өтүүдө
20 / 20
Хабаровскиде Aquafest жайкы сезонунун ачылыш маалындагы модель кыздар