БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун акими Касымбек Чодуров кызматынан бошотулуп, ордуна Алтынбек Намазалиев дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Тийиштүү эки буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Эскерте кетсек, Чодуров бул кызматка 2017-жылдын 15-мартында дайындалган. Ал эми Намазалиев Бишкек шаардык прокуратурасында эмгектенип келген.