Си Цзиньпин ШКУ өлкөлөрүнүн башчыларынын арасынан Жээнбековду өзгөчө белгиледи

Бул жылы саммитке Индия жана Пакистан өлкөлөрү кошулуп, жыйындын катышуучуларынын саны сегизге көбөйгөн.
Sputnik

ЦИНДАО, 10-июн. – Sputnik. Кытай лидери Си Цзиньпин ШКУ өлкөлөрүнүн жетекчилеринин Кеңешинин тар чөйрөдөгү жыйынын ачып жатып, үч жаңы катышуучу менен өзгөчө учурашты.

Бул жылы Шанхай кызматташтык уюмуна Индия жана Пакистан өлкөлөрү кошулуп, жыйындын катышуучуларынын саны сегизге көбөйгөн.

"Саммитке толук кандуу мүчө болуп кошулган Индиянын премьери Нарендра Модини, Пакистандын президенти Мамнун Хусейнди "кош келипсиздер" демекчимин. Ошондой эле өлкө башчыларынын кеңешинин жаңы мүчөсү болгон Сооронбай Жээнбековго да салам айтам. Биринчи жолу жыйын сегиз өлкөнүн башчыларынын катышуусунда өтүп жатат. Бул тарыхый учур", — деди Си Цзиньпин.

Назарбаев ШКУдагы эсепти улуттук валютада жүргүзүүнү сунуштады
Кытай лидери саммитке жаңы мүчөлөрдүн кошулушу менен уюм мындан да күчтүү жана бекем болуп, тараптардын өлкө коопсуздугу жана элинин гүлдөп өнүгүшү үчүн жоопкерчилиги жогорулаганын билдирди.

Жыйында Си Цзиньпин кесиптештерине мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүү сыяктуу бир катар маселелерди ортого салууну сунуштады.

Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 24-ноябрында Кыргызстандын президенти болуп шайланган. Ал ШКУ өлкөлөрүнүн жетекчилеринин саммитине биринчи жолу катышып жатат.