БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Ошто 2010-жылкы июнь окуяларынын курмандыктары эскерилип, ага биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов жана шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев катышты.
Эскерүү иш-чарасы "Энелердин көз жашы" мемориалдык комплексинде башталып, гүл чамбар коюлуп, курман болгондорго багышталып куран окулду.
Эскерте кетсек, мындан сегиз жыл мурун Ош аймагында улут аралык араздашуу болуп, андан жүздөгөн киши каза болгон.