Орозо айт качан болору аныкталды

Быйыл орозо 17-майда башталган.
Sputnik

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Быйыл орозо айт 15-июнда белгиленет. Мындай чечим Ташкентте өткөн дин аалымдарынын жыйынында кабыл алынганын муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Муфтият битир-садаганын өлчөмүн бекитти
Билдирмеге ылайык, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын дин өкүлдөрү "Рамазан айынын башталышын жана Орозо, Курман айт күндөрүн тактоо" темасынын алкагында Ташкентте өткөн тегерек столго катышышкан. Аталган иш-чара Өзбекстан мусулмандар дин башкармалыгы тарабынан уюштурулган. 

Белгилей кетсек, орозо быйыл 17-майда башталган. Кадыр түн 11-июндан 12-июнга караган түнү болот.