Муктаждарга бекер батир берилет. Кыргызстанда "Ашар" долбоору ишин баштады

Долбоор ишке ашып жаткан маалда кошумча каражаттар чогулса, салынчу батирдин саны көбөйөт.
Sputnik

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Кыргызстандагы курулуш компаниялардын бири турак-жайга муктаж адамдарга акысыз үй куруп берүүнү пландоодо. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына компаниянын өкүлү билдирди.

"Муктаж үй-бүлөлөргө батир берүүнү көздөгөн "Ашар" долбоорунда турак-жайлар жалпы аракеттер менен курулат. Азыркы маалда муктаждардын тизмесин түзүп жатабыз. Ага жакыр жашаган, көп балалуу жубайлар, эки баладан көп уул-кызды тарбиялаган жалгыз бой ата, энелер, 1-2-3-топтогу майыптар, жетимдер, пенсионерлер менен иштей албаган жарандар документтерин тапшыра алат", —деп кабарлашты компаниядан.

Майып балдардын ата-энелери кийим тиккен алты машинаны белекке алышты
"ТС ГРУПП" курулуш компаниясынын өкүлүнүн айтымында, компания өз каражаты менен 35 батирлүү үйдү курууну пландап жатат.

"Эгер бул иштерге жардамдашкысы келген жарандар болсо кызматташууга даярбыз. Учурда долбоордун алкагында акысыз кызмат көрсөткүсү келген куруучулар кол сунууда. Алар бүткөн үйдүн канализациялык түтүктөрүн же электр зымдарын орнотуп берет", — деп кошумчалады компаниянын өкүлү.

Ал ошондой эле долбоор ишке ашып жаткан маалда кошумча акча каражаты чогулуп кала турган болсо батирлердин саны 35ден көбөйтүлө турганын кошумчалады.