Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Кайсы күндөрү жаан жаайт? Бир жумага карата аба ырайы
Маалыматка ылайык, 11-июнда түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 метрге жетет.

Чүйдө 27…32 градус ысык болсо, Таласта күндүн табы 28…33 градуска чейин көтөрүлөт. Ош, Баткен жана Жалал-Абадда 29…34 градус ысык болушу күтүлөт. Ысык-Көл менен Нарын облусунда 21…26 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек менен Ошто жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 30…33 градуска чейин жогорулайт.