Жогорку Кеңештин короосунда кайдагы тоок жүрөт. Сүрөт

Мындан үч жыл мурда парламенттин жанында эшек оттоп жүрдү эле. Бүгүн шаар тургундарын Ак үйдүн алдындагы тоок таң калтырды. Кызыгы кананттуу өзгөчө кайтаруудагы жерге кирип кетиптир.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин аймагында кадимки тоок жүргөнүн күбө Telegram мессенджериндеги "Бишкек сегодня" каналы аркылуу кабарлады.

Курица разгуливает по территории Белого дома

"Ак үйдүн өзүнүн тоогу бар. Алтын жумуртка тууса керек, ээ? Канаттуу ал жакта кантип пайда болуп калды экен?" — деп жазган күбө.

Курица разгуливает по территории Белого дома

Бул парламенттин алдында үй жаныбарлары кенен-кесири басып жүргөн биринчи окуя эмес. Ит-мышыктарды айтпаганда деле 2015-жылы ал жерден эшек оттоп жүргөнүн көрүшкөн.