"Жерүйдү" иштетчү компания 500 миң доллар айыпка жыгылды

Мамлекеттик геология агенттигинин жетекчиси Кыргызстандагы эң ири кендердин биринин курулушу кайсы этапта экенин айтып берди.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Фабрика куруу ишин кечеңдеткени үчүн "Альянс Алтын" компаниясына кыргыз өкмөтү тарабынан 500 миң доллар айып салынды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Уланбек Рыскулов билдирди.

Анын айтымында, айыпга жыгуу тууралуу чечим эки жума мурун кабыл алынган. "Жерүй" кенин иштетүүгө лицензия алган компания алтын чыгаруучу фабрика курууну беш айга кечеңдетип жатат. Ар бир ай үчүн 100 миң доллар көлөмүндө айып каралган. Рыскулов компания курулуш иштерин токтотуп салбаганын айтууда.

"Объектилер курулуп жатат, айрымдары туруп калды. Иштетүүчү компаниянын билдирүүсү боюнча алар 180 миллион доллар өлчөмүндө насыя алып, курулуш өз мөөнөтүндө — 2019-жылдын 28-февралында соңуна чыгат. Кийинки жазда фабрика иштеп калат деп күтүп жатабыз", — деди мекеменин төрагасы.

Финпол: салыктан качкан "Бозумчак" 9 миң тоннадай концентратты алып чыгып кеткен
Рыскулов кенде объектилерди 17 подрядчы компания куруп жатканын кошумчалады.

2015-жылдын май айында "Восток-геолдобыча" ачык акционердик коому "Жерүй" кенин иштетүү боюнча сынакты жеңип алган. Баштапкы төлөм 100 миллион долларды түзгөн. Жеңүүчү компания "Альянс Алтын" ЖЧКсын негиздеп, 2035-жылдын 28-августуна чейин кенди иштетүүгө уруксат алганы маалым. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Жогорку Кеңеш курулуш иштерин кечеңдеткени үчүн аталган компанияны айыпка жыгууну талап кылган.

"Жерүй" кени Кыргызстандагы эң ири кендердин бири. Анда 100 миң тоннага чукул алтын бар экени белгилүү.