Жекшембиге карата аба ырайы

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. 10-июнда өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Чаткал районунун Шекафтар айылында сел жүрдү. Видео
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.

Чүй өрөөнүндө 27…32 градус ысык болсо, Таласта күндүн табы 28…33 градуска чейин көтөрүлөт. Ош, Баткен жана Жалал-Абадда ысыктын күчү 29…34 градуска жетет. Ысык-Көл менен Нарында 20…25 градус жылуу болору айтылды.

Бишкек менен Ошто жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 31…33 градус болот.