Кыргызстандык жит-житсучу Руслан Сагдеев Риодогу турнирде эки медаль утту

Сагдеев 94 килограмм салмак ченинде алтын байгеге ээ болсо, абсолюттук ченде үчүнчү орунду алган.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Руслан Сагдеев спорттун жиу-житсу түрү боюнча өткөн RIO FALL International Open турниринде эки медалга ээ болду. Бул тууралуу аталган федерациянын расмий Instagram баракчасында айтылат.

Орзубек Назаров рингдеги сырын ачты. Кайталангыс мастер-класстын видеосу
Жиу-житсу боюнча мелдеш ушул тапта Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтүп жатат.

Анда Сагдеев 94 килограмм салмак ченинде алтын байгеге ээ болсо, абсолюттук ченде үчүнчү орунду алган.

Балбан Руслан Сагдеев — эл аралык класстагы спорт чебери, КРдин төрт жолку жана Азиянын бир жолку чемпиону. Көптөгөн мелдештердин жеңүүчүсү.

Кыргызстандагы жиу-житсу спортунун абалы жана келечеги тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине федерациянын президенти Абдурахманхаджи Муртазалиев айтып берген.