Бейпилдикте жашаган өлкөлөр аталды. Кыргызстан АКШ менен Кытайдан озуп кеткенде...

Алгачкы бештикте Исландия, Жаңы Зеландия, Австрия, Португалия жана Дания бар.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Экономика жана тынчтык институту эл аралык аналитикалык борбору тарабынан чыгарылган Global Peace Index рейтингинде Кыргызстан 108-орунга татыды.

Былтыркы жылга салыштырмалуу Кыргызстан төрт орунга көтөрүлгөн. Кыргызстан бейпилдик балоосунда Кытай (112-орун), АКШ (121-орун), Иран (131-орун) жана Россия (154-орун) өңдүү мамлекеттерди артта калтырган.

Ысык-Көл КМШнын мыкты курортторунун тизмесинде экинчи орунга татыды
Орто Азиядагы мамлекеттердин ичинен Казакстан (70-орун) алдыга чыккан. Экинчи орунда Өзбекстан (104-орун), үчүнчү орунда Кыргызстан (108) турат. Ал эми Тажикстан 114-орунда, Түркмөнстан 119-орунга татыган.

Эң алдыңкы орунда Исландия, Жаңы Зеландия жана Австрия турса, акыркы орундарга Конго, Ливия, Йемен, Сомали, Ирак, Түштүк Судан, Афганистан жана Сирия кирген.

Аталган рейтинг 2007-жылдан бери жыл сайын чыгарылат. Аны түзүүдө өлкөдөгү экономикалык, саясий туруктуулук, адам укугунун корголушу, тынчтыкты орнотууга кошкон салымы, адам өлтүрүүнүн жана терроризм таасиринин деңгээли эске алынат. Быйыл изилдөөчүлөр 163 өлкөдөгү абалга көз салган.