Бишкек — Ош жолунда Porter жүк ташуучу унааны сүзүп үч адам мерт болду. Сүрөт

Жол кырсыгы 9-июнга караган түнү саат 4.30дар чамасында болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун 585-чакырымында оор жүк ташуучу унаа менен Hyundai Porter кагышып үч адам каза болду. Бул туурасында Жалал-Абад облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

1 / 4
Бишкек — Ош унаа жолунун 585-чакырымында оор жүк ташуучу унаа менен Hyundai Porter кагышып үч адам каза болду
2 / 4
Жол кырсыгы 9-июнга караган түнү саат 4.30дар чамасында болгон
3 / 4
55 жаштагы Porter унаасынын айдоочусу Бишкекти көздөй баратып рулда уктап калып карама-каршы тилкеге чыгып кеткен
4 / 4
Мунун кесепетинен маңдайында келе жаткан оор жүк ташуучу Volvo FH12 автоунаасын сүзгөн.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 9-июнга караган түнү саат 4.30дар чамасында болгон.

"55 жаштагы Porter унаасынын айдоочусу Бишкекти көздөй баратып рулда уктап калып карама-каршы тилкеге чыгып кеткен. Мунун кесепетинен маңдайында келе жаткан оор жүк ташуучу Volvo FH12 автоунаасын сүзгөн. Кырсыктан Porter айдоочусу жана бир жүргүнчүсү мерт болуп, дагы бирөө Сузак районуна караштуу ооруканада каза болгон", — деп айтылат маалыматта.

Жеринде милиция кызматкерлери ӨКМ менен биргеликте иш алып барууда.