Радио

Турдубаев: ЖМК үстүнөн даттануу боюнча комиссия түзүлдү

Медиа-эксперт Толкунбек Турдубаев комиссиянын максаты арыздарды иликтөө экенин айтты.
Sputnik
Турдубаев: ЖМК үстүнөн даттануу боюнча комиссия түзүлдү

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн даттануу боюнча комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Толкунбек Турдубаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, түзүлгөн комиссияга ар бир жаран кайрыла алат.

"Комиссиянын максаты — ЖМКларга карата түшкөн даттанууларды карап, изилдеп, анализ жүргүзүү. Маалыматтан жабыркаган жаран менен журналисттин, же бир компаниянын ортосундагы түшүнбөстүктөрдү жөнгө салып, эки тарапты бир пикирге келтирүүгө аракет кылат", — деди Турдубаев.

Ал азыркы кезде комиссияга Бишкектен эле эмес, аймактардан да кайрылган жарандар бар экенин кошумчалады.