Чүйдө ачкачылык жарыялаган камактагы 10 киши оозун тигип алды

5-июнь күнү алгач 10 адам ачкачылык жарыялаган болчу, эми алардын саны 59га жетти.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясында 59 киши ачкачылык жарыялады. Алардын 10у оозун тигип алган. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, алардын бардыгы экстремизмге айыпталып камалган.

"Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясында 5-июнь күнү камактагы 10 киши жарыялаган. Бүгүнкү күндө алардын саны 59га жетип, үч тамактан баш тартышты. Алардын 10у оозун тигип алды", — деп айтылат маалыматта.

"Апа-аа, адам өлтүрүп алдым..." Абактагы алдамчылар канткенде ооздукталат?
Бул козголоң тууралуу прокуратура органдарына жана кыйноого каршы бөлүмгө маалымдалды. 59 адам аларды кармоо режимин өзгөртүүнү талап кылып жатышат (камерадан лагердикке). Ошондой эле камеранын шарты менен мекеменин айрым кызматкерлерине арызданышууда.

ЖАМКтан билдиришкендей ачкачылык жарыялаган камактагы кишилер менен психологдор иштеп жатат.