Тогуз-Тородо жер көчтү. Жеринен тартылган сүрөттөр

Көчкүнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылынын Жийде тилкесинде бүгүн, 8-июнда, эртең мененки саат 9.30да жер көчкү түштү. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

1 / 4
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылынын Жийде тилкесинде бүгүн, 8-июнда, эртең мененки саат 9.30да жер көчкү түштү
2 / 4
Жер көчкүнүн көлөмү 1560 метр кубду түзөт
3 / 4
Мындан сырткары, аталган аймактын 25 метр жогору жагынан жарака пайда болгон
4 / 4
Жер көчкүнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

Билдирмеге караганда, Жийде тилкесиндеги төштүн боорундагы булактан чыккан суу жер кыртышындагы топуракты эзип, шагыл аралашмасын төмөн агызып түшкөн.

"Жер көчкүнүн көлөмү 1560 метр кубду түзөт. Мындан сырткары, аталган аймактын 25 метр жогору жагынан жарака пайда болгон. Жерине райондук жарандык коргонуу комиссиясы чыгып, жер көчкөн аймактан 200 метр алыстыкта жайгашкан бир турак үйдүн жана андан алыс жашаган тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү", — деп айтылат маалыматта.

Жер көчкүнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.