Жээнбеков "Манас" операсын койгон кытай артисттерин Кыргызстанга чакырды

Президент Кытайга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында Пекиндин "Тяньцзао" искусство борборунда коюлган "Манас" операсына барды.
Sputnik

Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө "Манас" эпосунун негизинде даярдалган операга күбө болгонуна абдан кубанычта экенин белгиледи.

"Кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов "Манас" эпосу — бул кыргыз рухунун туу чокусу деп айткан. Мына быйыл улуу манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдык мааракеси болот. Буга Кыргызстанда дагы, Кытайда дагы даярдыктар болуп жатат. "Манас" операсынын коюлушун Кытай элинин Кыргызстандын маданиятын сыйлаганынын эң чоң көрсөткүчү деп айткым келет", — деди ал.

Президент операда роль жараткан актерлордун чеберчилигин жогору баалаганын кошумчалап, чыгармачыл топту Кыргызстанга гастроль менен келип кетүүгө чакырды.