Шакирова каза болгон жол кырсыгы: айдоочу полковниктин уулубу? Милициянын жообу

Дүйнө сулуусу Сания Шакирова 3-июнда түндө каза болгон. Ал бараткан автоунаа мүрзөнүн тосмосун барып сүзгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Айрым жергиликтүү ЖМКлар Сания Шакирова кырсыктап каза болгон автоунааны айдап бараткан киши милиция кызматкери болгонун жана ИИМдин полковниги, КР ИИМдин Атайылаштырылган коргоо кызматынын башкы башкармалыгынын Октябрь району боюнча мурдагы жетекчиси Азрет Кондубаевдин уулу экенин жазышууда.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы Азрет Кондубаев чындап эле 2013-жылга чейин Атайылаштырылган коргоо кызматынын башкы башкармалыгынын Октябрь району боюнча жетекчиси болуп иштегенин тастыктады. Кийин пенсияга чыккан, 1987-жылы туулган Чыңгыз аттуу баласы бар.

Карыбайм, балдарымды чоңойтом! Бейажал кеткен Сания Шакирова тууралуу 7 факты
Өз кезегенде укук коргоо органдарындагы булак Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына 2012-жылы Азрет Кондубаев өзүнүн баласы 1987-жылы туулган Чыңгызды Атайылаштырылган коргоо кызматынын башкы башкармалыгынын Октябрь районундагы бөлүмүнө кызматка алуу боюнча арыз жазып чыр чыкканын билдирди. Атайын комиссия окуяны териштирип, уставдык түзүлүштүн бузулганын аныктагандан кийин Кондубаев өз ыктыяры менен органдан кеткен.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришкендей 1987-жылы туулган Чыңгыз Кондубаев 3-июндүн түнүндө мас болуп автоунаа айдап, Чок-Тал айылындагы көрүстөндүн тосмосун барып сүзгөн. Кырсык болгон жерде автоунаанын ичиндеги Miss Universe Beauty — 2018 эл аралык сулуулук конкурсунун жеңүүчүсү Сания Шакирова каза болгон.

Айдоочунун мээси чайкалып, сол акыреги сынып, Бишкектеги травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборуна алып келинген. Ысык-Көл облустук соту Бишкек шаарында көчмө жыйын куруп, айдоочу Чынгыз Кондубаевди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Бирок анын сол акырегине операция жасоо пландалгандыктан дарыгерлер аны алып кетүүгө тыюу салган. Учурда Кондубаев кайтарууда.