Россиянын президенти Владимир Путин Пекинге барды

Пекиндеги сүйлөшүүлөрдөн кийин Россия президенти 9-10-июнь күндөрү өтө турган ШКУ өлкөлөрүнүн жетекчилеринин саммитине катышмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Россиянын лидери Владимир Путин Пекинге барды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Путин үчүнчү дүйнөлүк согушту эмне ооздуктап турганын айтты
Билдирмеге караганда, Путин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугуп, андан соң бирдиктүү билдирүүгө кол коет.

Ошондой эле соода-сатык, энергетика, космос, интеллектуалдык жеке менчикти коргоо жана башка сфераларды камтыган документ кабыл алынат.

Мындан сырткары, Путин Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян жана Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чжаньшу менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Пекиндеги сүйлөшүүлөрдөн кийин Россия президенти 9-10-июнь күндөрү өтө турган ШКУ өлкөлөрүнүн жетекчилеринин саммитине катышмакчы.