Ош шаарында жаңы тротуар курулуп жатат. Сүрөт

Куруу иштери 2017-жылдын октябрь айында башталган.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Ош шаарынан тарта калаага караштуу Озгур айылына чейин жаңы тротуар курулуп жатканын мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

1 / 4
Ош шаарынан тарта калаага караштуу Озгур айылына чейин жаңы тротуар курулуп жатканын мэриянын маалымат кызматынан билдиришти
2 / 4
Аны куруу иштери 2017-жылдын октябрь айында башталган
3 / 4
Андан сырткары, жолдун жээгиндеги узундугу 3516 метр арыктарга лотоктор орнотулууда
4 / 4
Ушул жана шаардын ичиндеги башка жолдордун курулушу менен таанышып чыккан калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев быйылкы жылы жалпысынан 10,5 миң чарчы метр тротуарлар курулуп пайдаланууга берилерин айтты.

Аны куруу иштери 2017-жылдын октябрь айында башталган.

"Бардыгы болуп тротуарга 8740 чарчы метр брусчатка төшөлүшү керек болсо, ушул тапта анын 8 миң чарчы метри орнотулуп бүттү", — деп айтылат билдирүүдө.

Андан сырткары, жолдун жээгиндеги узундугу 3516 метр арыктарга лотоктор орнотулууда.

Ушул жана шаардын ичиндеги башка жолдордун курулушу менен таанышып чыккан калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев быйылкы жылы жалпысынан 10,5 миң чарчы метр тротуарлар курулуп пайдаланууга берилерин айтты.