Баткенде жер титиреди

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер силкинүү бүгүн эртең менен саат 10:30да катталган.

Жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай шаарында үч балл, Орозбеков жана Котур-Булак айылдарында 2,5 балл болуп сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.