ИИМ башчысынын орун басары уруксатсыз Түркияга кеткен. Себептери айтылды

Данияр Абдыкаров эмгек өргүүгө чыгып, үй-бүлөсү менен чет мамлекетте эс алып жүргөнү айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров Түркияга учуп кеткени тастыкталды. Ал шейшемби күнү ишке чыгат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин бир катар ЖМКларга ИИМдин өкүлү уруксат кагазын албастан чет өлкөгө чыгып кеткени боюнча маалымат тараган.

"ИИМдин маалымат кызматы ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров менен байланышты. Ал чындап эле үй-бүлөсү менен чет өлкөдө экенин тастыктады. Абдыкаров 3-июндан тарта эмгек өргүүсүнө чыккан, ал күн дем алышка туура келгендиктен уруксат кагазын алууга жетишпей калыптыр. Анын 11-июнь күнү Бишкекке кайта турган билети бар", — деп айтылат маалыматта.

Билдирмеде Абдыкаров макулдашуусуз чет өлкөгө учуп кеткени боюнча келгенден кийин толук түшүндүрмө берери кошумчаланган.