Facebook кокусунан 14 млн. колдонуучунун жеке маалыматын ачыктап алды

Компания көйгөйдү беш күн дегенде гана жойгон.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Facebook социалдык баракчасынын администрациясы жаңы функцияны тестирлеп жатып капысынан 14 миллион колдонуучунун жеке маалыматын ачыктап салган. Бул тууралуу CNN телеканалы компаниянын кызматкерине шилтеме берип жазып чыкты.

Facebook колдонуучулардын "жылаңач" сүрөтүн сурай баштады. Себептери
Жаңы функция 18-22-май аралыгында тестирлөөдөн өткөрүлгөн. Ошол учурда жөндөөлөр өзгөрүп кетип жарандардын жеке маалыматтары бардык адамдар үчүн жеткиликтүү болуп калган.

Компания көйгөйдү беш күн дегенде гана жойгон.

Жеке маалыматтары сыртка чыгып кеткендерге жазгандарын текшерүү боюнча билдирме келип түшөт.