Радио

Кутманова: экологияны коргоодо системалуу аракеттер керек

Көз карандысыз эколог-эксперт Динара Кутманова айлана-чөйрөнү коргоодо тиешелүү органдар менен бирдикте коомчулук да аракет көрүүсү керектигин билдирди.
Sputnik
Кутманова: катер, скутерлер көлгө өтө чоң зыян алып келүүдө

Анын айтымында, учурда бир эле Бишкек эмес, бардык чоң шаарларда абал кооптуу бойдон калууда. Жылдан жылга бак-дарактар, канаттуулар азайып, аны көзөмөлдөп, карап, багуу жагы колго алынбай келет.

"Мурда коомдук көзөмөл күч эле. Коомдун жаратылышты коргоодо өзүнчө милдет, укугу бар болчу. Мектеп окуучулары, студенттер да бул багытта ишке тартылчу. Ар бир жаран жаратылышка аяр мамиле кылууну жана башкадан да ушундай мамиле жасоону талап кылууну милдетим деп билчү. Азыр, тилекке каршы, мындай нерселер жок. Мамлекеттик экотехинспекция, жаратылышты коргоо департаменти жана башка бардык тиешелүү органдар коомчулук биригип, системалуу иш кылбасак болбойт", — деди Кутманова.

Ал балдарды жаратылышка жакын болууга үйрөтүү менен келечекте мындай көйгөйлөрдөн арылуу мүмкүн экендигин кошумчалады.