Чүйдө жүк ташуучу унааны поезд кагып, айдоочу каза болду

Кырсык 8-июнь күнү саат 11.20лар чамасында болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Чүй облусунун Садовое айылында эл ташыган поезд ГАЗ-53 унаасын сүзүп алганын ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Кырсык 8-июнь күнү саат 11.20лар чамасында болгон.

Жүк ташуучу унаанын айдоочусу райондук ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

Райондук милиция иликтөө иштерин баштады.