Чаткал районуна караштуу Шекафтар айылында катуу жааган жаандан улам сел жүрдү. Көчөнү суу каптап жаткан видеону Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp-каналы аркылуу күбө жиберди.
Кадрлардан үйлөрдүн ортосундагы качан көчөнү нөшөрлөгөн жаандан улам топтолгон ылай суу каптап жатканын көрүүгө болот.
“Жаан бүгүн кечки саат алтыда башталган. Саат сегиз жарымдардан тарта сел жүрө баштады. Учурда суунун агымы бир аз басаңдап калды. Бирок жаан майдалап жаап турат”, — деди күбө.
Анын айтымында, кыйроолор жана жабыркагандар жок.
ӨКМ маалыматты тактап жатканын билдирди.