БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Муниципалдык кызматтар мыйзамсыз негизде орнотулган аттракциондорду алып жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Эмен багы, Кайың жана Жаңгак токоюнан 10 батут алынды.
Мэриянын алдындагы Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынан белгилешкендей, мыйзамсыз негизде орнотулган аттракциондор коопсуздук нормаларга жана санитардык талаптарга жооп бербейт.