Ала-Букада бөдөнөнүн жумурткасындай болгон мөндүр жаады. Сүрөт

Алдын ала маалыматтар боюнча турак үйлөр менен адамдар жабыркаган эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Бүгүн, 8-июнда, Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун Ала-Бука айылында бөдөнөнүн жумурткасындай болгон мөндүр жаады. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

1 / 3
Бүгүн, 8-июнда, Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун Ала-Бука айылында бөдөнөнүн жумурткасындай болгон мөндүр жаады
2 / 3
Билдирмеге караганда, жаан аралаш мөндүр саат 14:15тен 14:35ке чейин жааган
3 / 3
Алдын ала маалыматтар боюнча турак үйлөр менен адамдар жабыркаган эмес.

Билдирмеге караганда, жаан аралаш мөндүр саат 14:15тен 14:35ке чейин жааган.

Алдын ала маалыматтар боюнча турак үйлөр менен адамдар жабыркаган эмес.

Жеринде тактоо иштерин жүргүзүү үчүн ыкчам топ менен Жарандык коргонуу комиссиясынын өкүлдөрү чыгып кетти.