Жума күнүнө карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Жума күнү тоолуу райондордо жаан жаай тургандыгын Кыргызгидромет билдирди. Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Күндүн табы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 27…32, Нарын менен Ысык-Көлдө 19…24 градуска чейин көтөрүлөрү күтүлөт.

Бишкек шаары менен Ош калаасында күн ачык болуп, аба ырайы 29…31 градус ысык болот.