Милиция менен экологдор Бишкекте жолборс жетелеп жүргөн кишини издөөдө

Жырткыч жаныбар Кыргызстанга аткезчилик жол менен алып келинген болушу ыктымал.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Адистердин тобу Бишкекте жолборс жетелеп жүргөн кишини издеп жатат. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, Бишкектин түштүк-чыгыш тарабындагы Түштүк магистраль аймагында жолборс жетелеп жүргөн кишинин сүрөтү интернетке тараган.

Бишкек ШИИБи окуя болгон аймакка ыкчам топ барып, жарткыч жаныбардын документи бар-жогун иликтей турганын маалымдады.

Ал эми Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов жаныбар расмий каттоого алынбаганын, демек Кыргызстанга аткезчилик жолу менен келиши мүмкүндүгүн айтты.

"Жолборсту үй шартында кармоо жаныбар үчүн да, адам үчүн да кооптуу. Кыргызстанда зоопаркта кармалган бир-эки гана арстан бар. Аларга өзгөчө кам көрүлүп, мүнөздөп тамак бериш керек. Жырткыч жаныбарды шаар аралай жетелеп жүрүү чектен чыккандык", — деди Рустамов.

Ал ошондой эле Бишкектин түштүк-чыгыш аймагына Экотехинспекциянын атайын тобу жаныбарды жана ээсин издөө үчүн чыгып кеткенин кошумчалады.