Радио

Дооранов: биздин сурамжылоо боюнча кыздардын эң чоң коркунучу — ала качуу

"Кыздар федерациясы" коомдук уюмунун өкүлү Мырзабай Дооранов кыздарга кырк үйдөн тыюу эмес, колдоо керектигин айтты.
Sputnik
Дооранов: биздин сурамжылоо боюнча кыздардын эң чоң коркунучу — ала качуу

Биздин сурамжылоолор боюнча кыздардын эң чоң коркунучу — ала качуу, андан соң элдин пикири. "Эл эмне дейт" деген түшүнүктөн улам көп каалоолорун ачыктай алышпайт. Мындай пикирин Мырзабай Дооранов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде "Кыз ала качууну канткенде токтото алабыз" деген теманын алкагында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кыз ала качуу менен күрөшүүдө мамлекеттик деңгээлде аракеттер көрүлүшү керек.

"Бул федерация да ала качуудан жапа чеккен кыздар мага кайрылып, ошонун негизинде ачылып калган. Учурда федерацияда кыздардын укугун коргоо жаатында кайра эле кыздар өздөрү бир топ иштерди жасап жатышат. Андан сырткары, "аталар кыздарыбызды коргойбуз" деген топ түзүп, бул багытта да иштерди баштадык. Мектеп, башка окуу жайларды кыдырып, кыз ала качуу туура эмес экендигин түшүнүрүүгө аракеттенип келебиз", — деди Дооранов.

Ал ошондой эле европалык атайын изилдөө жүргүзгөн топ кыз ала качуу кыргыздын салтында жок экенин аныктагандыгын кошумчалады.