Кытай Кыргызстанга 600 млн. юань бөлөт. Грант эмнеге жумшалмакчы?

Каражаттын басымдуу бөлүгү 2019-жылга чейин которулат.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кытай Кыргызстанга 600 миллион юань бөлө турганын экономика министри Олег Панкратов билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү макулдашууга кол коюлду.

"Бул болжолдуу сумма. Каражат жол, лаборатория курулушуна жана археологиялык казууларга жумшалат. Акчанын басымдуу бөлүгү 2019-жылга чейин которулмакчы", — деди министр.

Өз кезегинде президенттик аппараттын өкүлү Нурсулуу Ахмедова Кытай мындан тышкары Кыргызстандын алыскы аймактарын таза суу менен камсыздоо үчүн 100 миллион доллар бөлө турганын кошумчалады.