25 сотыхты 3,4 гектарга "алмашуу": Кытайда келишимге кол коюлбай калды

КР тышкы иштер министри келишимге эмне үчүн кол коюлбай калганын түшүндүрүп берди.
Sputnik

ПЕКИН, 7-июн. — Sputnik. Кытайдын Кыргызстандагы 3,371 гектар жерди ээлеген элчилиги буга чейин Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын колдоосу менен ижарадан бошотулган. Анын орудна Кытай тарап Кыргызстандын элчилигине 25 сотых жер бөлүп берүүнү убадалаган. Бирок президент Сооронбай Жээнбековдун аталган өлкөгө болгон сапарында ал келишимге кол коюлган жок.

Бул боюнча тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев журналисттерге төмөнкүчө комментарий берди.

"Кытай менен элчиликтер турган жерди "алмашуу" боюнча келишимдин долбоорунун ички процедуралык маселелери толук аяктай электигине байланыштуу документке кол коюлбай калды", — деди Абдылдаев.

Жээнбеков Кытайда кыргызстандык студенттер үчүн квотаны көбөйтүүнү сунуштады
Белгилей кетсек, буга чейин Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз элчилигине өлкөдөн кошумча 25 сотых жер бөлүп берүү боюнча келишимге кол кою пландалган болчу.

КР президенти Сооронбай Жээнбеков менен Кытайдын лидери Си Цзиньпиндин жолугушуусунун алкагында эки тараптуу кызматташууну илгерилете турган бир катар документтерге кол коюлду. Бирок ал документтердин арасында жер тилкелерин "алмашуу" жана Кыргызстандын Кытайдагы элчилигин куруп берүү боюнча документ болгон эмес.