Кыргызстандык баскетболчулар дүйнө чемпионатында намыс талашууда

Баскетболчулардын мелдешке катышуусу үчүн спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекция тарабынан 601 миң сом каралган.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июн — Sputnik. Кыргызстандын баскетбол боюнча курама командасы 3х3 (ар бир командадан үчтөн) форматы боюнча дүйнө чемпионатына катышып жатканын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Мелдеш Филиппиндин Манила шаарында өтүүдө. 6 июнда башталган оюн 14 июнда жыйынтыкталмакчы.

Белгилүү боксчу Костя Цзю Ысык-Көлдө эс алып, ат минип кетти. Сүрөт, видео
Анда өлкө намысын Шакиржан Куранбаев, Евгений Пехов, Нуртай Субанбеков, Станислав Луконин, Дмитрий Даньшин, Сергей Жуков жана Аман Абдыкеримов коргоодо. Спортчулар башкы машыктыруучу Тимур Талканбаевдин көзөмөлүндө.

Баскетболчулардын мелдешке катышуусу үчүн спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекция тарабынан 601 миң сом каралган.