Өзгөчө номерлерди сатуудан бюджетке 9 млн. сом түштү

Мамлекеттик каттоо кызматы маалымат таратты.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь айынан апрель айына чейин өзгөчө комбинациядагы номерлерди сатуудан мамлекеттик бюджетке тогуз миллион сом түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Өзгөчөлөнгөн номерлердин катарына окшош же ээси үчүн маанилүү сандардан турган номерлерден тышкары, энчилүү номерлер дагы кирди.