Радио

Адылбекова: экологиялык көйгөйлөрдү убагында чечүү шарт

"Арча демилгеси" коомдук фондусунун өкүлү Кундуз Адылбекова Бишкекте 8-9-июнь күндөрү экологияны сактап калууга арналган форум өтө турганын айтты.
Sputnik
Адылбекова: экологиялык көйгөйлөрдү убагында чечүү шарт

Экология жаатындагы бир топ маселелерди карап чыгыш керек. Бул тууралуу Кундуз Адылбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жаратылышты өз убагында сактап калуу үчүн аракеттерди көрүп, форумдарды өткөрүп туруу шарт.

"Учурда Бишкек шаарында экологиялык көйгөйлөр толтура. Анын чечилишине салым кошуу максатында "ЖАШЫЛ upGRADe" форумун өткөрүп жатабыз. Анда жашыл тилкелерди сактап калуу боюнча талкуу жүрүп, көйгөйлөрдү чечүү жолдорун издейбиз. Форум үч бөлүктөн өтөт. Алар: экология жана транспорт, экологиялык укуктар жана экологиялык коопсуздук", — деди Адылбекова.

Ал форумдун катышуучулары Бишкек шаарынын тургундары жана бийлик өкүлдөрү экенин кошумчалады.