"Дүйнө сулуусу" Сания Шакирова кырсыктаган унаанын айдоочусу мас болгон

Учурда унаанын айдоочусу Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун травматология бөлүмүндө жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Соттук-медициналык экспертиза Сания Шакирова кырсыктап каза болгон унаанын 31 жаштагы Ч.К. аттуу айдоочусу мас абалында болгонун көрсөттү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИББден маалымдашты.

Карыбайм, балдарымды чоңойтом! Бейажал кеткен Сания Шакирова тууралуу 7 факты
Мындан тышкары, бүгүн, 7-июнда, №4 оорукананын травматология бөлүмүндө соттун көчмө жыйыны өтүп, айдоочунун баш коргоо чарасы тандалат.

Белгилей кетсек, Сания Шакирова үстүбүздөгү жылдын апрель айында Miss Universe Beauty-2018 (Аалам чүрөгү — 2018) эл аралык сынагында Missis World (Дүйнөнүн сулуу айымы) наамын жеңип алган. Ал 30 жашта эле, артында үч баласы калды. Мындан бир ай мурда Sputnik Кыргызстан агенттигине келип маек берип кеткен.