Депутат: өлкөдөгү райондордун ичинен Нарын районунда гана аймактык оорукана жок

Эл өкүлү райондук оорукана айрым жетекчилердин шалаакылыгынан улам жабылып калганын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов ("Бир Бол") парламенттин жалпы жыйында ар түрдүү маселелер каралып жатканда Нарын районуна 60 кишилик оорукана салуу керектигин айтып, райондогу оорукана айрым жетекчилердин шалаакылыгынан улам жабылып калганын белгиледи.

Депутаттын айтымында, Кыргызстандагы райондордун ичинен Нарын районунда гана аймактык оорукана жок.

"43 миң киши жашаган райондо аймактык оорукананын жок болушу туура эмес. Бир эле жерде кургак учуктун ачык формасы менен ооругандар дарыланып, ошол эле жерде жаш балдар эмделип жатат. Бул дени сак кишилердин саламаттыгы үчүн кооптуу. Оорукана ачууга 30 миллион сом эле кетет экен. Бул акча бюджетте жок дебестен облуска бөлүнгөн каражаттан ошол жакка которууну сунуштайм", — деди ал.

Акматов быйыл президент аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялагандыктан региондорду өнүктүрүүгө көңүл буруу керектигин кошумчалады.