Чыныбай Турсунбеков Бишкектин көчөлөрүнө төшөлгөн жаңы асфальттан күмөн санады

Эл өкүлүнүн айтымында, жолго кезек шагыл аралаштырылган асфальт төшөлүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков (КСДП) парламенттин жалпы жыйынында ар түрдүү маселелер каралып жаткан учурда Бишкек шаарынын оңдолуп жаткан көчөлөрүнө төшөлгөн асфальттын сапаты күмөн туудура турганын айтты. 

Спикер Жогорку Кенеша Чыныбай Турсунбеков

Анын айтымында, жолго кезек шагыл аралаштырылган асфальт төшөлүп жатат.

"Жол кургандар муну жаңы технология деп жатышат. Жакшылап карасаңар жаңы асфальттын ортосу ачык болуп суу туруп калат, кышында тоңуп, жазында жарылып кетсе эмне кылабыз? Бул боюнча адистер дагы өз пикирин билдиришсе керек", — деди депутат.

Белгилей кетсек, быйыл Бишкек шаарынын бир катар көчөлөрү оңдоо үчүн жабылган.