Бишкекте жетеленген жолборс кимге таандык экени аныкталды. Видео

Борбор калаада жолборсту жетелеп жүргөн кишинин сүрөтү интернетте бир топ талкуу жаратты.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Бишкектин жолдорунда жолборс жетелеп жүргөн адам Москва шаарынан келген цирктин кызматкери экендиги аныкталды. Бул тууралуу Экотехинспекция билдирди.

Социалдык тармактын колдонуучулары жырткыч жаныбарды жетелеп алып шаар аралоо канчалык туура жана кооптуу эмеспи деген суроолорун берген. Өз кезегинде укук коргоо органдары жаныбар кимге таандык экени текшерилип жатканын айткан

"11 айлык жолборс ошол циркке таандык. Бишкекте оюн көрсөтүү үчүн алып келинген", — деп айтылат маалыматта.

Инспекциянын кызматкерлери цирк жамааты арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, коомдук жайларда жырткыч жаныбарларды алып жүрүүгө тыюу салынарын белгилешкен.

Ушу тапта инспекторлор тарабынан жаныбарга тийиштүү уруксат кагаздары текшерилип жатат.