БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Штаттык бирдиктин аздыгынан судьялар өтө көп иштерди карап жатышат. Бул туурасында Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева парламентте сот тутумунун 2017-жылдагы иши боюнча жылдык маалымат берип жатканда билдирди.
Анын айтымында, сот адилеттүүлүгүн ишке ашыруу максатында Жогорку сот тарабынан бир катар негизги багыттар аныкталып, ал боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
"Бир судья бир жылда орто эсеп менен 65-70 иш карайт. Бул көрсөткүч өтө көптүк кылат. Мындан улам алар караган иштердин сапатына доо кетүүдө. Судьялардын штаттык бирдигин көбөйтүү зарыл", — деди Токбаева.
Мындан сырткары, ал бирдиктүү соттук практика сот адилеттүүлүгүн ишке ашыруунун сапатын жогорулатууга түздөн-түз өз таасирин тийгизерин белгилеп өттү.
"Бирдиктүү соттук практиканы түзүү максатында заманбап технологиялар колдонулууда. Облустук сотторго видео-конференц байланыш тутумдары орнотулуп, онлайн режимде жергиликтүү соттордун судьялары менен соттук практикада пайда болгон маселелер талкууланып, мыйзамды туура колдонуу жолдору түшүндүрүлүүдө", — деди Жогорку соттун төрайымы.