Алмазбек Атамбаевди партиялаштары КСДПдан чыгарабы? Расмий жооп

КСДПнын мурдагы мүчөсү Сагынбек Абрахманов партия жакында чукул жыйынга чогула турганын, анда Алмазбек Атамбаевди төрагалыктан алып, партиядан чыгаруу маселеси каралары айтканын ЖМКлар жазып чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы кезексиз жыйынга чогулбай турганын партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Жолдубаева партиянын мурдагы мүчөсү Сагынбек Абрахмановдун КСДП чукул жыйынга чогулуп, партиянын катарынан Алмазбек Атамбаевди чыгаруу маселесин карайт деген билдирүүсү чындыкка дал келбей турганын айтты.

"Сагынбек Абдрахманов КСДПнын катарынан 16-съезддин чечимине баш ийбегендиктен 2017-жылы 9-августта чыгарылган. Ал партиядан бөлүнүп кетип өз алдынча иш алып барат. Жасаган иштери партиялаштар тарабынан КСДПнын атынан Сооронбай Жээнбековду бирдиктүү талапкар катары чыгарууга каршы багытталган деп бааланган", — деди ал.

КСДПнын расмий өкүлү Жолдубаева Абдрахманов үч айдан бери айланасына партияга таарынычы бар башка мүчөлөрдү топтоого аракет кылганы менен андан майнап чыкпай келерин кошумчалады.